• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өкмөттө жаңы жылдык майрамдар учурундагы коомдук тартипти камсыздоо боюнча иштин жыйынтыктары талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер министри майрамдык иш чараларды өткөрүү учурундагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Өкмөт башчынын буга чейин берген тапшырмасына ылайык, жаңы жылдык майрамдар учурунда Ички иштер министрлигинин бүтүндөй жеке курамы кызматты күчөтүлгөн режимде аткарууга өткөн. Улан Исраилов маалымдагандай, республика боюнча коомдук-саясий абал жалпысынан туруктуу сакталган.

Премьер-министр Сапар Исаков жаңы жылдык иш-чаралар учурунда республиканын ички иштер министрлигинин жеке курамынын ырааттуу ишин белгилеп, мындан ары дагы, жакынкы майрам күндөрүндө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштердин улантылышы зарылдыгын баса белгиледи.

Андан соң Өкмөт башчы Ички иштер министрлигиндеги Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктагы реформаларга кенен токтолду. Сапар Исаков өлкө жарандарынын жол коопсуздугун жогорулатуу максатында кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бардык зарыл иш-чараларды тез арада жыйынтыктоонун маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий