• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн жыйынында бир катар инвестициялык долбоорлор жактырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«2017-жылда бизде оң натыйжалуу экономикалык өсүүгө жетүүгө максаттар турат, ал үчүн экономикага инвестиция алып келүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү менен бул максаттын пайдубалын түптөө керек», – деди Сооронбай Жээнбеков. Ал тышкы карыздын максималдуу натыйжалуулугун жана ага жетүү үчүн тышкы каржылык жана техникалык жардам көрсөтүү, өнүгүп келе жаткан маселелерди өз убагында жоюу менен байланышкан бардык маселелерди кылдат карап чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи

Жыйында үч инвестициялык долбоор каралды:

«Шаар жерлериндеги ичүүчү суу жана каналдар секторун инвестициялоо», «Рынокко жол ачууну камсыздоо» жана «ЦАРЭС 3 коридорун өздөштүрүү» (Бишкек-Ош автожолу), Фаза 4».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Шаар жерлериндеги ичүүчү суу жана каналдар секторун инвестициялоо» долбоору Өзгөн, Токтогул, Майлы-Суу жана Балыкчы шаарларында ишке аша турганын, долбоордун жалпы суммасы 21,75 млн евро жана 6,77 млн АКШ доллары турарын билдирди. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы жана Европа кеңеши тарабынан каржыланат.

Аталган маселе Кыргыз Республикасында 2026-жылга чейин айыл пункттарын ичүүчү суу жана каналдар менен камсыздоо Стратегиясын ишке ашыруу системасынын алкагында жүргүзүлөт.

«Аталган долбоор келечекте суу секторун өнүктүрүүгө , анын ичинен ичүүчү суу жабдууларын орнотуу жана каналдар менен камсыздоо боюнча курулуш иштерин аткарууга багытталган. Кажылоонун жалпы суммасы 21,75 млн. евро, ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл», – деди Бактыбек Абдиев.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРК) аймактык директоу Нил Маккейн Кыргызстанда ичүүчү суу менен камсыздоого инвестиция тартуу муктаждыгы өсүп жаткандыктан улам, ЕӨРК бул тармакка кошумча каражат бөлүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жаткандыгын билдирди.

«Рынокко жол ачууну камсыздоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев маалымат берди.

Аталган долбоорду каржылоо айыл чарбасын каржылоо Эл аралык Фонду тарабынан каржыланары пландалып жаткандыгын билдирди. Сунушталган долбоор келечекте айыл чарба тармагындагы орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жакшы жардам берет.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев «ЦАРЭС 3 коридорун өздөштүрүү» (Бишкек-Ош автожолу), Фаза 4» долбоорун ишке ашыруу Ош Бишкек шаарларынын ортосундагы жолдордун 52 чакырымын реабилитациялоо аркылуу, улуттук жана аймактык транспорттук байланышты жакшыртарын билдирди.

«Долбоордун жыйынтыгы менен Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөр менен жүк ташуучу унаалардын кыймылы эффективдүү болот. Аталган долбоор боюнча курулуш иштери 2017-жылдын август айында башталат», – деди Эрмек Мамыркалиев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеште кабыл алынган чечимдерди көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи.

Жыйындын соңунда жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий