• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Турак жайлары талкаланган баткендиктерге убактылуу чатырлар курулуп берилет

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жаран коопсуз жерлерге эвакуацияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-майда ӨКМ эвакуацияланган жергиликтүү тургундарды Баткен шаарынан турукташкан үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады. Турак жайлары талкалангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатырлар курулуп берилет.

Баткен районунун Аксай айылында 9 жабыркаган турак жайдын тургундарына Кызыл Ай коому тарабынан мобилдүү үйлөр жана чатырлар орнотулууда.

Пикир

Оставить комментарий