• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ туристтик сезон маалында туристтердин коопсуздугун камсыздоо тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Кыргызстан туристтердин коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча жыл башынан бери иш алып барып келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, коопсуздукту камсыздоо иштерин ИИМ, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Туризм департаменти жүргүзүүдө.

"Маселен, биз пансионаттарды сууга түшүү шарттары боюнча текшеребиз. Кыргызстанда 400гө жакын пансионат бар. Алардын ичинен 146сы талаптарга жооп берет. Биз төрт жыл ичинде 251 кишиге пансионаттарда иштөө боюнча окутуу жүргүздүк. Биз ар бир пансионатта 2ден куткаруучу болсун деген талаптарды койдук", - деди ал.

Аны менен бирге ал, Кыргызстандагы негизги туризм түрлөрүнүн бири тоо туризми экенин белгилеп, тоолордо туристтердин коопсуздугун камсыздоо иштери аткарылып жатканын айтып өттү.

"Биз аты аталган төрт мекеме менен биргеликте план иштеп чыктык. Биз адамдардын саны, жүрө турган жолу ж.б. маалыматтар чогултабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий