• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 21нен 24-сентябрына чейин көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордогу жайлоолордо жаан карга айланышы жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө 16…21°, Талас өрөөнүндө 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий