• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ӨКМ: Туруксуз аба ырайы күтүлөт!

Коом 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 20-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 19-20-апрелинде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

2018-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. 19-20-апрелде Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жаңы байлаган мөмөлөрүнө коркунуч келтирет.

2018-жылдын 19-апрелинен 20-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 14-апрелинде жана 18-апрелде телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Мындан сырткары 2018-жылдын 18-апрелинде ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору тарабынан теле-радио каналдарынын эфирин тартып алуу маалыматтар калкка жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий