• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ учак кырсыгынан жабыркагандар үчүн атайын эсебин убактылуу ачты

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боинг учагынын кыйроосунан жабыркагандар үчүн атайын эсебин убактылуу ачты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 15-мартта КР ӨКМнын атайын эсеби жабылган. 17-январдан 15-мартка чейин жалпысынан 96 млн 532 миң 026 сом 61 тыйын түшкөн. Бирок, атайын эсеп ачык турган убакта акча которууга жетишпей калган уюмдар жана жеке жактардын өтүнүчү боюнча, ӨКМ аталган эсепти убактылуу ачты.

“Үстүбүздөгү жылы 27-мартка карата ӨКМнын атайын эсебине кошумча 3 млн 840 миң 584 сом түштү. Жалпы каражат үстүбүздөгү жылы 27-март саат 15:00го карата 100 млн 342 миң 610 сомду түздү”, деп билдирди ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий