• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ уюштурган сабак учурунда өзгөчө кырдаалдар катталды

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. 2017-жылдын 3-май күнү КР ӨКМнин Жарандык коргонуунун адистерин кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын окутуучулары тарабынан Ош облусттук мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлери үчүн окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлери үчүн өзгөчө кырдаал учурундагы калкты кабарлоо, суицид жана терроризм боюнча окуу өткөрүлдү.

Сабак учурунда жер титирөө катталып, адамдар дүрбөлөңгө түштү. Ошол эле учурда окутуучулар тарабынан өзгөчө кырдаал катталган учурда жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүп, практика жүзүндө ишке ашырышты.

Окууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош облусунун мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлеринен 21 угуучу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий