• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Ысык-Көл облусунда көпүрө курулуп баштады

Аймак 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы ички чарбалык кѳпүрѳнү калыбына келтирүү боюнча жумуш башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган ички чарбалык кѳпүрѳнү айыл тургундары жана мектеп окуучулары пайдаланышат.

"Бул иштер атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында жүргүзүлүүдө. Министрлик тарабынан 7 тонна цемент, 2 тонна арматура бөлүнүп берилип, кѳпүрѳ курулуп башталды", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий