• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ӨКМ: Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу иштери 2 багытта жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу иштери 2 багытта жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 149 турак үй 1 мектеп, ФАП, айылдык клуб, айдоо аянттары табигый кырсыктардан корголот.

“Табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт: биринчиси капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багыт атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу”, - деп айтылат маалыматта.

“Алсак, биринчи багыт боюнча Тоң районундагы Б.Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Үй айылынын Ак-Сай тобундагы тоо көлдөрүнүн жарылуусунун жана Жер-Үй дарыясынын ташкын сууларынан коргоо максатында 4 шпора курулду жалпы узундугу 251 метр куруу иштери аяктады. Жыйынтыгында 129 турак үйдү 1 мектеп, ФАП, айылдык клуб айдоо аянттары корголот.

Ошондой эле, экинчи багыт боюнча Ысык-Көл облусу боюнча 3 обьектиде жумуш башталган. 1 обьектиде жумуш толугу менен аяктады, калган эки обьекте иш-чаралар аткарылууда. Натыйжасында 20 турак үй, айдоо аянт жерлери корголот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий