• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Ысык-Көл районунда 100 турак жай сел каптоо коркунучунан корголууда

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл районунда сел жана суу ташкындарынан каналдын нугун тазалоо жана бекемдѳѳ иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-май күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын Чок-Тал айылындагы Күйгѳн Кашар тилкесинде жайгашкан турак-жайларды, үлүш жерлерди жана социалдык объекттери сел жана суу ташкындарынан коргоо максатында, жалпысынан 2 миң 800 метр каналдын нугун тазалоо жана бекемдѳѳ иштери жүрүп жатат.

"Учурда аталган иш-чаранын 400 метр аралыгын механизациялык тазалоо иштери аткарылды. Жумуштун натыйжасында, сел каптоо коркунучунан Чок-Тал айылынын болжол 100 турак-жай, 30 га үлүш жерлер, ички чарбалык жолдор жана 1 мүрзѳ корголот. Иш-чараларга ƟКМден 1 даана экскаватор тартылып, 1750 литр күйүүчү-май бѳлүнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий