• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Ысык-Көлдө айдоочу унаасы менен Жыргалаң суусуна түшүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Каракол-Түп унаа жолунун 13-чакырымында Volkswagen Golf-2 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Жыргалаң суусуна түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсык күн мурун, 28-январда болжол менен саат 18:00дө болгон.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркап, Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сууга түшкөн автоунааны Ак-Суу райондук жол кайгуул кызметкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий