• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайлар 3 күндөн бери дайынсыз

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен жубайлар 28-февралдан бери дайынсыз болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-февралдан 1-мартка караган түнү болжол менен саат 03:00дөр чамасында чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес.

ӨКМден кабарлашкандай, алар 1980-жылы туулган Ю.Г., жана 1978-жылы туулган Н.Р. аттуу жубайлар болгон.

Жоголгондор тууралуу маалымат ведомствого кечээ, 3-мартта гана келип түшкөн.

Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жалпысынан 34 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Азырынча издөөдөн эч кандай жыйынтык чыга элек.

"Издөө иштерине жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул, Жети-Өгүз районун көздөй чыгып кетишкен", - деп кошумчалашты ӨКМден.

Издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий