• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыкты

Коом 0

Бишкек,11.10.17./Кабар/. Ысык-Көлдө турак үйдө өрт чыгып, ашкана жана үйдүн чатыры жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда саат 18:36 чамасында Чолпон-Ата шаарынын Аптимус көчөсүнүн №9-дарегинде жыгач устундуу 48 чарчы метр шифер жабылган турак үйдүн чатыры, 10 чарчы метр ашканасы, 46 чарчы метр жыгач полу күйгөн.

Өрт өчүрүүгө КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.

Маалым болгондой учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий