• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды

Коом 0

Бишкек, 06.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу спортчу Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышып, сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, бир спортчу дайынсыз болгону кабарланган.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий