• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында коопту аймактарды изилдөө жана чара көрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында коопту аймактарды изилдөө жана чара көрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинде 8 жумушчу топ түзүлүп, ӨКМдин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуусунда кооптуу участкаларда тийиштүү иш-чаралар аткарылууда. 2020-жылдын башынан 25-апрелге чейин ӨКМ адистери тарабынан республиканын аймактарындагы кооптуу участкаларда жалпы 429 изилдөө иштери аткарылып, анын ичинен 223 изилдөө жер көчкү процесстерине жүргүзүлдү:

Ош облусу - 207 жалпы, 141 жер көчкү (Алай-79, Өзгөн–40, Кара-Кулжа–15, Кара-Суу–8);

Жалал-Абад облусу - 161 жалпы, 67 жер көчкү (Сузак–48, Аксы–8, Базар-Коргон–9);

Баткен облусу - 48 жалпы изилдөө, 14 жер көчкү;

Башка региондор – 13 изилдөө, 1 жер көчкү.

Изилдөө учурунда (25-апрелге карата) жер көчкүлөр салыштырмалуу стабилдүү абалда, активдешүүлөрдүн алгачкы белгилери байкалган эмес.

Аткарылган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган корутундулар чыгарылып, алардын негизинде министрликтин облустук, райондук түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан ӨКдын алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды аткаруу, кооптуу аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгаруу үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга, тийиштүү айыл аймактарынын башчыларына 4290 атайын эскертмелер берилди.

Бүгүнкү күндө, министрлик тарабынан жалпы 153 даана (10 орунду) чатырлар бөлүнүп берилип, коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Маселен, Ош облусунун Алай районуна 31 даана чатыр тигилди: Таш-Короо айылы- 18, Чакмак айылы – 2, Коңур-Дөбө айылы -5, Будалык айылы - 6.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан кооптуу участкаларда мерчемделген изилдөө иштерин аткаруу үзгүлтүксүз улантыла бермекчи.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.

Пикир

Оставить комментарий