• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Жайыл районунда каналга түшүп кеткен 3 жашар кыз табыла элек, издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Жайыл районунда каналга түшүп кеткен 3 жашар кыз табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 3 жашар кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында Жайыл райондук №22 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 13 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий