• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Жалал-Абад облусунда өрт кырсыгы 24 пайызга азайды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 2019-жылы 488 өрт кырсыгы катталган, бул 2018-жылга салыштырмалуу (2018-жылы 642) 24 пайызга аз. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 218 миллион сомдон ашты (2018-жылы 53 млн сомдон ашкан).

Тилсиз жоондон 7 адам каза таап (2018-жылы 6 адам), алты атам жабыркаган (2018-жылы 1 адам).

Өрттөн 12 адамдын өмүрү (2018-жылы 20 адам) жана 450 млн сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-жылы 166 млн сом).

Пикир

Оставить комментарий