• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Жалал-Абад облусунда өрттүн саны 32,2 пайызга азайды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 164 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 242), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 32,2% азайган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок, тилсиз жоодон эки адам куткарылган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 62 (37,8%);
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 23 (14%);
- балдардын от менен ойноосунан – 22 (13,4%),
- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 14, (8,5%).

Өрт болгон негизги обьектилер:

- турак-жай сектору 107 (65,2%)
- автоунаа, гараж, 19 (11,6%)
- ачык аймак 12 (7,3%)
- өндүрүш обьектилери 6 (3,7%)
- кампалар, соода бөлмөлөр 5 (3%).

Болуп өткөн өрттөрдүн саны Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында -20;
- Кара-Көл шаарында- 4;
- Майлуу-Суу шаарында- 4;
- Таш-Көмүр шаарында -14;
- Аксы районунуда- 11;
- Ала-Бука районунда- 11;
- Базар-Коргон районунда- 16;
- Ноокен районунда -26;
- Сузак районунда -38;
- Тогуз-Торо районунда -3;
- Токтогул районунда -15;
- Чаткал районунда- 2 өрт кырсыгы катталган.
.

Пикир

Оставить комментарий