• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ӨКМ: Жалал-Абад облусунда өрттүн саны былтыркыга караганда 36,2% азайды

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда өрттүн саны былтыркыга караганда 36,2 пайызга азайды, каза болгон жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 4 ай ичинде Жалал-Абад облусунда 88 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 36,2% аз. Былтыр ушул мезгилде 138 тилсиз жоо катталган болчу.

Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жана жабыркагандар жок, ал эми 2019-жылы 5 адам каза болуп, 2 адам жабыр тарткан. Өрттөн 2 адам куткарылган. Болуп өткөн өрттүн кесепетинен материалдык чыгым 3 млн 748мин 208 сомду түзгөн. 61 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 69,3 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 45,5%;

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 13,6%;

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 10,2%;

- балдардын от менен ойноосуунан – 12,5%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында -14;

- Кара-Көл шаарында- 1;

- Майлуу-Суу шаарында- 2;

- Таш-Көмүр шаарында -8;

- Аксы районунуда- 6;

- Ала-Бука районунда- 4;

- Базар-Коргон районунда- 9;

- Ноокен районунда -14;

- Сузак районунда -18;

- Тогуз-Торо районунда -2;

- Токтогул районунда -8;

- Чаткал районунда- 2 өрт катталган.

Урматтуу жарандар, өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

Пикир

Оставить комментарий