• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Жалал-Абад облусунда жолго таш кулады

Коом 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында болжол менен саат 23:10 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан Чаткал районуна баруучу унаа жолунун 26-27-чакырымында таш кулап, жол жабылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолду тазалоо максатында 1 жүктөгүч, 1 манипулятор жана 5 кызматкер тартылган.

“24-декабрга караган түнү Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 26-27-чакырым аралыгында жол тазалоо иштери жүргүзүлүп, саат 02:55де тазаланып, унаа каттамы ачылган. Жабыркагандар жок”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий