• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ӨКМ: Жалал-Абад облусундагы 67 обьектиде алдын алуу жумуштары аяктады

Аймак 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусундагы 67 обьектиде алдын алуу жумуштары толук аяктады. Бул тууралуу КР ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров билдирди, - деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Анын айтымында, облус боюнча жалпысынан 84 жумуш аткаруу мерчемделип, анын ичинен 67 обьектиде жумуштар толугу менен аяктаган.

“Мерчемделген объетилердин ичинен 19у жергиликтүү бийликке материалдык баалуулуктар берилип, өздөрүнүн күч каражаттарын тартуу менен аткарылуучу обьектилер. Мисалы, 3 миң 693 даана габион торчолору, 165850 кг цемент, 19 711 кг арматура бөлүнүп берилген. Жалпы жоонунан 67 обьектиде алдын алуу жумуштары толук аяктап, 1 356 турак жай, 5 кабаттуу үй, 2 мектеп, 2 балдар бакчасы, 2 ФАП, 2 мечит, 1 устакана, 1 насостук станция, 790 метр автоунаа жол, 2 суу түтүкчө, 765 га аянт жери корголот, 385 кожолук табигый кырсыктан корголот”, - деп билдирди Закиров.

Пикир

Оставить комментарий