• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Жалал-Абад облусунун аймагында алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу өлкөбүздүн эң көп табийгый өзгөчө кырдаалдар катталган облустардын катарына кирет. Табийгый өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын көпчүлүгү жер көчкү, сел суу ташкындары, шамал жана жер титирөө.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы сел, суу ташкындарынан, жер көчкү жана сел кырсыктарынан алдын алуу максатында облус аймагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

2020-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасынын мерчемине жалпы 76 обьект бекитилген, анын ичинен 6 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 4 обьектиде жумуш аяктап, 2 обьектиде жумуш башталды.

Маселен, Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Мамараим сел каналын 400 метр, Сузак айыл аймагынын Достук айылындагы сел каналын 500 метр жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагындагы Жети-Кошкон сел арыгын 1360 метр аралыгынын тазалоо жумуштары аяктады.

Ошондой эле, Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын Ширин айылында Көк-Арт дарыясынын 700 метр аралыгын нугун буруу жумуштары аяктады. Бүгүнкү күндө, Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Питомник тилкесиндеги Кара-Дарыя дарыясынын жээгин бекемдөө жана Кызыл-Туу айыл аймагынын Таштак айылындагы Ачы-Сай сайынын нугун тазалоо жумуштары башталды.

Пикир

Оставить комментарий