• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Жалал-Абад облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-мартынан тартып 15-майга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында 267 292 чарчы метр имараттын ичи, 855 399 чарчы метр имараттын сырты жана 4 618 000 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 13 556 кг хлор, 25 436 литр суюк хлор жана 19 441 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий