• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Жалал-Абад шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, түнү саат 00:56лар чамасында Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №271 үйдөн өрт чыккан. Тилсиз жоодон жалпы аянты 162 чарчы метр болгон турак үй толук жана Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №273 үйдүн 60 чарчы метр чатыры, С. Бакиев көчөсүндө жайгашкан №2 турак үйдүн 75 чарчы метр чатыры күйгөн. Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

"Өрттүн жалпы аянты 297 чарчы метр. Өрт өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 01:40та чектөөгө алынып, саат 03:55те толук өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир

Оставить комментарий