• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, үч жаран дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, үч жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда саат 12:30 чамасында Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн.

Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү жүктөгүч, 2 экскаватор жана "Нива" унаасын басып калып, 3 киши дайынсыз болууда.

Жерине ӨКМден 20 куткаруучу, “Чайна Роуд” ишканасынан 4 жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып, издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий