• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Жалал-Абадда өрт кырсыгын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда өрт кырсыгын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-мартта ӨКМ кызматкерлери тарабынан Сузак, Арал, Аскар-Ата, Достук, Сафаровка, Октябрский, Беш-Бала айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында турак жай ээлерине өрт кырсыгын, иске уулангандардын алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сузак райондук ӨКБнүн Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн улук офицери капитан Айбек Иманов билдиргендей, Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмү тарабынан жер-жерлерде жана мектептерде өрт кырсыгын алдын алуу максатында окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып жатышат.

“Өрт кырсыгы болбосун десек биринчи кезекте аны алдын ала билгенибиз оң. Маселен, жаш балдарыбызды ширеңке менен ойноосуна жол бербөө, жасалма электр жылыткычтарын пайдаланбай, электр зымдарын талаптагыдай туташтыруу өңдүү шарттарды аткарганда гана биз өрт кырсыгынан алыс боло алабыз”, - деди А.Иманов.

Пикир

Оставить комментарий