• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Жалал-Абадда жолдор кардан тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-20-декабрь күндөрү аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, тоолуу райондордо жана тоо кыркаларында кар калың жааган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кардын жаашына байланыштуу Жалал-Абад облусундагы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315-427-чакырымында жолдор тазаланып, кум себүү иштери жүрүүдө.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды жол коопсуздук эрежелерин так сактап, сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий