• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ Жарандык коргонууну башкаруу органдары менен штабдык машыгуу өткөрдү – фото

Коом 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык коргонуу башкаруу органдары менен өтүүчү «Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана келип чыккан учурда Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, күч-каражаттарынын иш-аракеттери» темасындагы команда-штабдык машыгуу өткөрдү.

Машыгуунун максаты – республиканын аймагында өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда республикалык Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, күч-каражаттарынын иш-аракеттерин жүргүзүү, алардын өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо, чалгындоо жана куткаруу иш-чараларын жүргүзүү.

Эң башкысы кандай кырдаал жаралбасын биринчи кезекте адамдардын өмүрлөрүн сактап калуу негизги милдет болуп эсептелет. Ошондой эле, Жарандык коргонуу жетекчисинин чечимдерди кабыл алуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдардан жарандардын коопсуздугун ар тараптуу камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында күч, каражаттарды башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүү болуп эсептелет.

Машыгуу эки баскычта өттү: биринчи баскыч – жер титирөө коркунучу пайда болгон учурда Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күч-каражаттарынын иш-аракеттерин көргөзөт. Экинчи баскыч – жер титирөө катталган учурда авариялык- куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чаралардын, ошондой эле жапа чеккен калкты ар тараптуу камсыздоо иш-чараларынын уюштурулушун көргөзөт.

Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылында машыгуунун практикалык иш-чаралары өткөрүлдү. Практикалык машыгуу 9 участкада көрсөтүлдү:

1.Кыйроодо калып калган жарандарды издөө-куткаруу иштери;
2. Көп кабаттуу мекемелерден жарандарды куткаруу жана чыккан өрттү өчүрүү иштери;
3. Жол кырсыгынын кесепетинен суу ичиндеги куткаруу иштери;
4. Жол каттамын калыбына келтирүү;
5. Электр тармагын калыбына келтирүү иштери;
6. Газ тутумундагы авариянын кесепеттерин жоюу иштери;
7. Ачык типтеги коллектордук-дренаждык системаны куруу;
8. Тоо шартындагы өрттү өчүрүү аракеттери;
9. Темир жол аркылуу ташылуучу күчтүү уулу заттарды курчоого алуу иштери.

Машыгуунун алкагында гуманитардык жардам жана оор жаракат алгандарды бейтапканага жеткирүүгө тик учак тартылган. Ошону менен бирге, өзгөчөлүгү болуп, тик учак аркылуу калкка өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымдамаларды жеткирүү болду. Калк арасында мындай маалымат таркатуу - өзгөчө кырдаал учурундагы маалымат берүүнүн башка жолдор менен берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда көрсөтүлдү.

Жеринде жабыркагандарды кабыл алуу, медицинаклык жардам көрсөтүү пункту, талаа ашканасы уюштурулган, жалпы 30 даана чатыр тигилип, Жарандык коргонуу кызматтарынан 1000 киши, 60 техника жана эл аралык уюмдар тартылды. Иш чаранын жыйынтыгында машыгууга коюлган тапшырмалардын аткарылышы талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий