• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: жер көчкү коркунучу бар жерлерде дагы деле 4 миңге чукул адам жашайт

Коом 0

Бишкек. 04.03.19 /Кабар/. Жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр деле 4 миңге чукул адам жашайт. Ал эми 1200 жерлерде сел коркунучу бар. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, коркунучтуу аймактардан калкты убактылуу жана туруктуу жашай турган жерлерге көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Каналдар тазаланып, дайралардын жээктери бекемделүүдө.

Мамлекет башчысы ар түрдүү жаратылыш кырсыктарын болтурбоо жана алардын кесепеттерин азайтуу үчүн алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүүнүн маанилүү экенин белгиледи. Ал сел жана жер көчкү коркунучу бар жерлерден калкты коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунуш кылды.

«Өзгөчө кырдаалдар коркунучтары жана коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу элге кеңири маалымат жеткирүү мамлекеттик органдардын ишинин маанилүү багыттарынын бири. Бул иш жаратылыш жана техногендик капсалаңдардын кесепеттерин азайтууга, биринчи кезекте адамдардын курман болуусуна жол бербөөгө, материалдык чыгымдарды азайтууга багытталышы керек», — деп белгиледи gрезидент жана мындай иш-чаралар республиканын бардык региондорунда текши жүргүзүлүшү зарыл экенин баса көрсөттү.

Мындан тышкары, Жээнбеков өрт коопсуздугун камсыз кылуу, аба-ырайынын шарттарын мониторинг жасап жана талдап туруу, дамбаларды жана дайра жээктерин бекемдөө, селдердин жана жер көчкүлөрдүн алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Эске салсак, сел, жер көчкү түшөт делген кооптуу аймакта жашагандардын көпчүлүгү мамлекеттен акчалай колдоо, жер тилкелерин алышкан. Бирок алардын айрымдары эскертүүлөргө карабастан кооптуу аймакта жашап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий