• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Жер кыртышындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 05.01.18. /Кабар/. Жер кыртышындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер уланууда,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери бүгүн, 5-январда улантылат.

“2018-жылдын 3-январында Токмок шаарынын 70-жыл Октябрь көчөсүнөн - Родниковая көчөсүнө чейин, Родниковая көчөсүнөн - Охотничая көчөлөрүндө ачык типтеги коллектордук дренажды тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

“Жалпы тазаланган ачык типтеги коллектордук дренаждын узундугу 200 метр. Тазалоо иш-чаралары бүгүн да улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

Суунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн жалпысынан бир эксковатор жана Токмок шаардык 21-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмдөн 10 адам жана №24 ӨКБдан 6 адам, комуналдык ишкана кызматынан 14 адам, 2 даана самосвал жана 1 даана автовышка тартылган.

Пикир

Оставить комментарий