• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Жети-Өгүз районунда көчкү жүрүп, сарайдын дубалын бузуп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда көчкү жүрүп, сарайдын дубалын бузуп кетти. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, кырсык Светлая Поляна айыл аймагына караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылында болгон.

"Аталган айылдагы тоо этегинен өткөн суу каналынан суу тынымсыз агып, жээктеги жер кыртышына сиңип отуруп, көлөмү 480 куб метр болгон көчкү жүрүп, Мамбетакунов көчөсүндө жайгашкан сарайдын дубалын бузуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кошумчалашкандай, каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Жеринде КР ӨКМдин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий