• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Жумгал районунда селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Жумгал районунда селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы ички чарбалык унаа жолдор, 4 турак үйдүн короолору жана 1 социалдык объектинин короосу тазаланган.

Эскерте кетсек, 27-июль күнү саат 14:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жумгал районунун Чаек айылындагы Май-Кокту, Кашка-Терек тилкесиндеги коктулардан келген сел суулары Күчүк-Арык каналына батпай ашып, Э.Сапарбеков көчөсүндө жайгашкан 31 турак үйдүн короолорун, 6 турак үйдүн жер төлөөлөрүн жана 1 социалдык объектини суу каптаган.

Жерине Жумгал райондук №43 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулары, суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 кран тартылган. Чаек айылындагы Май-Кокту Кашка-Терек коктуларынан түшкөн сууларды коопсуз алып өтүү үчүн А. Акматов көчөсүн бойлой убактылуу канал казылууда. Акматов көчөсүн кесип өткөн көчөдөгү көмүлүп калган өткөөлдү калыбына келтирүү иштери куткаруучулардын жардамы менен айыл аймактан жана Жарандык коргонуу кызматынан техника каражаттары тартылып аткарылууда.

Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

Ал эми 29-июль күнү саат 00:40 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Арал-Миң-Куш унаа жолунун 15-чакырымында көлөмү 1200 куб метр кум шагыл түшкөн. №24 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол толук тазаланып ачылган.

Пикир

Оставить комментарий