• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Жууку ашуусундагы көчкөн мөңгүнүн кесепетинен бир көпүрө жараксыз абалга келди

Аймак 0


Бишкек, 11.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Жууку ашуусундагы көчкөн мөңгүнүн кесепетинен бир көпүрө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, мөңгү 8-июлда көчкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын топ барган, окуядан каза болгондор катталган жок. Бирок мөңгү көчкөн учурду видео жана сүрөткө тарткан туристтердин бири бутунан жеӊил жаракат алып, ошол эле күнү “Кумтөр” ишканасынын даарыгерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Түшкөн мөңгүнүн кесепетинен аталган тилкедеги мал айдап өтүүчү бир көпүрө жараксыз абалга келген.

Аймакка барган Ыкчам топтун маалыматына ылайык, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 млн 11миң 500 метр кубду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий