• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Жыл башынан бери ар кандай кырдаалдардан 173 адам куткарылды

Коом 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан жыл башынан бери 173 адамдын өмүрү сакталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 70 адам жол кырсыгына кабылган унаалардан куткарылган, 46 адам өрт курчаган имараттар куткарылган, дагы 57 жаранды куткаруучулар ар түрдүү экстремалдык кырдаалдарга (табыгый кырсыктар жана башка) туш болгондо куткарган.

Жалпысынан куткаруучулар 1039 жолу чакырылган. Андан тышкары, 2945 кайрылууларга телефон аркылуу кеңештер берилген.

Пикир

Оставить комментарий