• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Жыл башынан бери өрттөн 10 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 1 миң 236 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 39,7 % азайган, тилсиз жоодон 10 адам каза болуп, 16 киши жабыркаган. Ал эми өрттөн 24 адам куткарылган, 763 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,7 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

• электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 42,2%;

• мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 10,9%;

• отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 19,1%;

• балдардын от менен ойноосунан – 5,6 %, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

• Бишкек шаарында - 207;

• Чүй облусунда - 334;

• Ош облусунда - 150;

• Жалал-Абад облусунда - 164;

• Ысык-Көл облусунда - 137;

• Нарын облусунда - 47;

• Талас облусунда - 64;

• Ош шаарында - 39;

• Баткен облусунда 94 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий