• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Жыл башынан бери өрттүн саны 42,8 пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 9 ай ичинде өрттүн саны 42,8 пайызга азайып, тилсиз жоодон 43 адам куткарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы Равшанбек Аширбеков билдиргендигин ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9 ай ичинде республика боюнча 1 миң 740 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 3042), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 42,8% азайган.

“Тилсиз жоонун себептери - электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандыктан, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Ал эми өрттүн басымдуулугу турак жай секторунда катталган. Өрт учурунда 43 адам куткарылган”, - деди Аширбеков.

Статистикага ылайык, өрттүн кесепетинен 15 адам каза таап (2019-жылы 35 адам), 19 адам жабыркаган (2019-жылы 46).

Тилсиз жоодон 43 адам куткарылып, 2 млрд 911 млн 123 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1 миң 92 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 62,8 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:

• электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 40,1%;

• мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 8,4%;

• отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 21,1%;

• балдардын от менен ойноосунан – 7,6%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

• Бишкек шаарында – 276 өрт;

• Чүй облусунда – 458;

• Ош облусунда – 228;

• Жалал-Абад облусунда – 265;

• Ысык-Көл облусунда – 190;

• Нарын облусунда – 71;

• Талас облусунда – 82;

• Ош шаарында – 53;

• Баткен облусунда – 104 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий