Бишкек, 29.08.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Бишкекте Айт намаз 1-сентябрда Эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (КМДБ) кабарлашты.
Программа:
6:30 – дин өкүлдөрү кыскача баян айтышат;
7:00 – КРнын башкы муфтийи Максатбек Токтомушевдин куттуктоосу;
7:20 – 7:30 – бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоосу;
7:30 – Айт намаз башталат.
Пикир
Оставить комментарий