• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КМДБ башчысы Өзбекстандын муфтийине көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Казакстандын Актюбинск облусундагы трагедиялуу кырсыкттан Өзбекстандын Республикасынын 52 жараны көз жумгандыгына байланыштуу Өзбекстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Усманхан ажы Алимовго көңүл айтты.

"Урматтуу Усманхан ажы! Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын Актюбинск облусундагы каргашалуу окуядан Өзбекстан мамлекетинин жарандары көз жумгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына Жараткан Алла Таалам бекем сабырдуулукту жана оор мезгилде кайраттуулукту берсин. Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин. Ал эми кырсыктан жабыркагандарга Алла Таала шыпасын берип, тез арада сакайып кетүүсүнө жалпыбыз дуба кылабыз. Бул оор жоготуунун азасын кыргыз эли жана жалпы мусулмандар тең бөлүшөбүз", -деп айтылат көңүл айтуунун текстинде.

Пикир

Оставить комментарий