• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КМДБ: “Кыргызстандын муфтийи жогорку светтик жана жогорку диний билимге ээ”

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) укук коргоочулардын Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди жогорку диний билимге ээ эмес деп айткандарын четке какты.

“Кабар” агенттигине Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, чындыгында Максатбек ажы Токтомушев жогорку светтик жана жогорку диний билимге ээ.

«Муфтий 1995-жылы Кыргызстандын Скрябин атындагы айыл чарба университетин бүткөн. 2003-жылы Пакистандагы "Аль-Арабия” диний университетин бүтүргөн, ал жерде ханафит масхабын окутушат. Андыктан ал Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын бардык талаптарына туура келет”, -деди басма сөз кызматынан.

Ошондой эле, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын уставында Кыргызстан мусулмандарынын диний лидерлигине талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюларын билдиришти: светтик жана жогорку диний билимге ээ болуу, Куранды жана такфирди окуп-үйрөнүү, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгында 3 жылдан кем эмес иштөө, соттолбогон, мамлекеттик жана араб тилдерин билүү, гумандуулук, коомдо сый-урматка ээ болуу.

Пикир

Оставить комментарий