• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КМДБ: Ош облусунан ажылыкка кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу кайтып келди

Аймак 0

Бишкек, 11.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ош облусунан ажылыкка кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн, таңкы саат 06:00 Ош аэропортуна келип конду. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жакын туугандары, зыяратчыларды Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев тосуп алышты.

Жалпысынан 303 зыяратчы учуп келди, алар Ош облусунун кара-Суу районунан катталгандар.

Пикир

Оставить комментарий