• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КМДБнын кызматкерлери Дипломатиялык академиянын 10 күндүк окуу курсунан өтүшөт

Коом 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) кызматкерлери Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда 10 күндүк окуу курстан өтүшөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу кызматташуу келишимине бүгүн, 28-сентябрда муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова кол коюшат.

Окуу курсу эки тараптуу кол коюлган күндөн тарта башталып, анда дин кызматкерлери аймактагы, дүйнөдөгү саясий процесстер тууралуу, муну менен катар, заманбап эл аралык мамилелер, ааламдык маселелер, маалымат ситемасы, дипломатиянын теориясы жана заманбап дипломатиялык система тууралуу маалымат алышмакчы.

Окуу курсу аяктаган соң КМДБнын кызматкерлерине Дипломатиялык академиянын сертификаты берилет.

Пикир

Оставить комментарий