• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМде коронавирус менен күрөшүүдө зор салым кошкон кызматкерлер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коронавирус менен күрөшүүдө зор салым кошкон кызматкерлер сыйланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 7-сентябрда коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүүдө оорунун кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттерде зор салымдарын кошкон ӨКМдин жана Саламаттык сактоо министрлигинин бир катар кызматкерлери министрликтин “Ардак грамотасы”, “Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн”, “Аскердик - жарандык кызматташтыкты чындагандыгы үчүн” төш белгилери менен сыйланышты. Сыйлыктарды өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тапшырды.

Замирбек Аскаров өз кезегинде коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюууда күнү-түнү дебей иш алып барган министрликтин баардык кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип өттү. Ошону менен катар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылып, бул эмгегиңер жалпы кыргыз эли үчүн өз натыйжасын берди. Буга чейинки кылган иш-аракетиңерди баалап, кылган эмгегиңерди эске алып сыйлык тапшырууну туура көрдүк. Күн-түн дебей кыргыз эли үчүн аткарган ишиңерге ыраазычылыгымды билдирем”, - деди З.Аскаров.

Пикир

Оставить комментарий