• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМде жарым жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Кечээ, 18-июль күнү саат 09:00дө КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда Бишкек жана Ош шаарларында жана Республиканын аймактык башкармалыктарын он-лайн режиминде кошуу менен коллегиянын отуруму өткөрүлдү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов төрагалык кылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коллегияга КР ӨКМнин коллегия мүчөлөрү, КР Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүнүн эксперти Абдиталип Камалов, КР ӨКМдеги Байкоочу кеңештин төрагасы Жумабек Акматов, Министрликтин жетекчилиги, Борбордук аппараттын башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн башчылары, министрликке караган түзүмдүк жана аймактык башкармалыктар менен мекемелердин жетекчилери катышышты.

Жыйынды КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахмедов ачып, күн тартибинде каралуучу маселелерге токтолду. Жалпысынан күн тартибинде эки маселе каралган.

1. ӨКМдин 2018-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы;

2. Ар түрдүү маселелер.

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коркунучтуу табигый кубулуштарга, техногендик процесстерге мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө баяндама жасады.

“Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын 6 ай ичинде 86 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды, 2017-жылы - 286 чукул кырдаал катталагн. Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 7 адам, ал эми 2017-ж.-105 адам курман болгон. 2018-жылдын 6 айына өткөн жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 70 %га аз.

Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген жалпы материалдык зыяндын ичинен эң ири чыгымды өрт кырсыктары алып келген.

Министрлик алдын алуу багытында негизги 2 багытта жумуш алып барат: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү иш-чаралары авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, жана атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары. Баардыгы болуп, 300 ашуун обьектте жумуш жүргүзүү мерчемделип, 190 объектте жумуш жүргүзүлүп, анын ичинен 104 объект пайдаланууга берилген. Натыйжада 2 995 кожолук, 1 150 га а/ч жерлери, 5,4 км ички чарбалык жол, 2-мектеп, 2-медициналык пункт, 6-ички чарбалык көпүрө, корголгон. Сарпталган каражаттардын экономикалык натыйжалуулугу 2,1 эсеге жогору болгон. Куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 98 адам куткарылган, анын ичинен жол кырсыгынан - 42адам, экстремалдык абалда жана көлмөлөрдөн - 56 адам», - деди А.Мамбетов.

Коллегиянын жүрүшүндө көйгөлүү маселелер да талкууланды. Маселен, Жарандык коргонуу иш-чараларды тиешелүү деңгээлде уюштурулбаганды айтылды. Өзгөчө кырдаалдарда жана алдын алуу иш-чараларда күч-каражаттарды тартуу маселеси тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөйт, буга мисал Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында селдердин кесепетинен көптөгөн турак үйлөргө, үйлөрдүн жер тилкелерине сел суулары кирип, инфраструктура жабыркаган, ошондой эле, бир нече мал жандыктары селге агып кеткен. Кесепеттерди жоюу боюнча министрлик тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, жарандык коргонуунун кызматтарынан бир нече даана техника тартылып, тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.Бирок, жергиликтүү калктын, мекеме, ишкана, уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, күч-каражаттарын тартуу менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан арыктарды, көпүрөлөрдү жана башка суу өткөрүү түйүндөрүн тазалоо иш-чараларды уюштуруу тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы билинди.

Аталган маселе боюнча өзгөчө кырдаал министри Нурболот Мирзахмедов Жарандык коргонуу багытында болуп жаткан кемчиликтерге чара көрүү боюнча сунуш бердирүүнү министрликтин Жарандык коргонуу жана авариялык–куткаруу иштери боюнча башкармалыгына тапшырма койду.

“Бүгүнкү күнгө бир да сунуш түшкөн жок, алдын алуу иш-чаралары кандай жүргөн, айыл өкмөт эмне иш кылбай койгон? Акимдин күнөөсү кайсы жерде? Сунуш бердиңерби чара көрүү тууралуу?Кырсыкка чейин ошол жерде эмне иш жүргүзүлдү? Ошол жүргүзүлгөн ишке карабастан кырсык катталды, демек ал жерде эч жумуш жүргүзүлбөгөн маселе болуп жатат”, - деди министр Н.Мирзахмедов.

Мындан тышкары министр кадр, коррупцияга каршы иш-чаралар, эл аралык кызматташтык, ички аудит, сатып алуу, коопту аймактан жергиликтүү калкты көчүрүү багытындагы ишмердүүлүккө токтолду.

“Коопту аймактан калкты көчүрүү, албетте мыйзам чегинде жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн, бирок биз сыртта туруп алганыбыз болбойт, бул оорчунду маселе, жергиликтүү бийлик органдары менен облустук башкармалыктар тарабынан биргеликте толук кандуу иш уюштурулуш керек”, -деди министр Н.Мирзахмедов.

Коллегиянын жүрүшүндө аймактардагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чараларынын жүрүшүндөгү министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнүн ыкчам иш аракеттерди уюштуруудагы, жалпы министрликтин ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөр айтылып, тиешелүү тараптарга министр тарабынан эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий