• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМдин аскер бөлүгүндө жоокерди сабады деген прапорщик кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аскер бөлүгүндө жоокерди сабады деген прапорщик кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №86123 аскер бөлүгүнө текшерүү уюштурулуп, катардагы жоокер Б.Эсенбеков Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткырылгандыгы тастыкталган.

Аталган факты ошол эле күнү Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Анын жүрүшүндө 7-июнда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына катардагы жоокер Б.Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылып, анда №86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Т.га карата чара көрүүнү суранган.

Ошол эле күнү топтолгон материалдардын негизинде Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 2-пунктта көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. камакка алынды.

Бүгүнкү күндө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан окуянын жагдайын жана мөөнөттүү аскер кызматкерлерине карата уставдык эрежелерин бузган фактыларды аныктөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий