• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМдин жоокери ур-токмокко алынган — жакындары

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалган. Бул тууралуу анын жакындары Instagram баракчасына жазган.

Алардын маалыматына ылайык, 31-майдан 1-июнга караган түнү ал нөөмөттө турган, ошол түнү Бекзатты 1997-жылы туулган Жаныбек уулу Төрөбай аттуу прапорщик ур-токмокко алган.

“Аны түнү бою өзгөчө мыкаачылык менен сабап, уктатпай, башка ырайымсыз аракеттерди жасаган. Агам экөөбүз тынбай байланышып турчубуз, ал тынымсыз бардык туугандардан бирдик салууну суранчу. 8 айда 35 миң сом жөнөттүк. Бул акчаны прапорщик Жаныбек уулу Төрөбай мобилдик тиркемелер аркылуу накталап алып турган. Акыркы жолу ал агамды 500 сом үчүн ур-токмокко алган. Прапорщик агамдан бул акчаны туугандарынын же тааныштарынын бири анын номерине которуусун талап кылган. Бирок түн болгондук агам эч кимдин тынчын ала албай, прапорщиктин ур-токмогуна чыдаган”, - деп билдирген анын тууганы.

Алар белгилегендей, 1-июнь күнү агасы телефон чалып, пневмония менен ооруканага жаткырылганын айткан.

“Ал күндөрү агам менен байланышканыбызда жөн гана ооруп калганын айткан. Бирок чындыгында табарсыгы жарылып, буту шишип кеткен. Ал убакта прапорщик Ашымкулов, капитан Мавлянов, Касымов, улук сержант Замирбек уулу, прапорщик Бейшеналиевдер агамдын жанында эмне деп айтышты үйрөтүп турушкан. Агамдын абалы оорлошо баштаганда, 4-июнда ооруканага алып барууга туура келген. Алар жолдон Беловодск айылындагы ооруканага кайрылышкан, бирок ал жактан агамды кабыл албай койгондуктан Бишкекке алып келишкен. Биз ооруканага келгенде агам оорусуна чыдабай ыйлап жатканын көрдүк. Анын табарсыгы жарылып, буту шишип кеткен. Дарыгерлер ага тез арада операция жасоо чечимин кабыл алышты. Операция 3,5 саатка созулду. Дарыгерлер операция учурунда органдар заара, канга толуп, боордун формасы өзгөргөнүн көрүшкөн. Кабырга, бөйрөк, өпкөсүндө көптөгөн жаракаттар болгон. Агам азыр №4 шаардык ооруканада дарыланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Жоокердин жакындары КР ички иштер министри Улан Ниязов жана КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден жардам сурайт.

Пикир

Оставить комментарий