• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМдин аскер кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Республикалык жоокерлердин энелер комитети тарабынан жарыяланган 2018-жылдагы “Жоокерлердин ден соолугу көзөмөлдө” аттуу республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, ӨКМдин аскер кызматчылары сыйлыктарга ээ болушту.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын медицина кызматынын зардалынын милдетин убактылуу аткаруучу прапорщик Эркинбай уулу Майрамбек “Жоокерлердин энесинин мээрими жана урматтоосу” медалы жана “Мыкты аскер фельдшери” наамы менен сыйланды.

Ошондой эле, КР ӨКМдин 3-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын издөө-куткаруу тобунун 2-издөө-куткаруу бөлүкчөсүнүн куткаруучусу Жаңыбай уулу Нургелди “Мыкты сүрөтчү” наамына татыктуу болду.

Белгилей кетсек, аталган сынак республикабыздары бардык аскер бөлүктөр арасында өткөрүлүп, жыйынтыгы 24-август күнү чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий