• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМдин куткаруучулары Ош шаарындагы имараттарды жана турак үйлөрдү дезинфекциялоону улантууда

Аймак 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июль күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаарда жайгашкан Тешик-Таш мөмө-жемиш базары, КР ӨКМнин Ош шаарында жайгашкан борбордук аппараты, Айни көчөсүндөгү 9 кичи дүкөн, 3 навайкана, 8 устакана, 5 дарыкана, Латипжанов көчөсүндө жайгашкан 56 турак үйдүн кире бериш дарбазалары, Ташкент көчөсүндөгү 27 көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, Мурас инновациялык колледжи, Раимбеков көчөсүндөгү эл көп барган жерлер толугу менен залалсыздандырылды.

КР ӨКМ тарабынан дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий