• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМдин өткөн суткага статистикасы: 1 млн 387 миӊ чарчы метр жер дезинфекцияланды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Өткөн суткада 1 млн 387 миӊ чарчы метр жер дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12 миӊден ашык койка-орундук даярдалды, санитардык-карантиндик жана блокпостторго 120 чатыр жана 56 мобилдик турак үй орнотулду.

"Обсервациядагы жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 112 ыкчам номуруна коронавирус боюнча 1 миң 4 чалуу түшүп, нөөмөтчүлөр бардык суроолорго жооп беришти. ӨКМдин өлкө аймагында иш алып барып жаткан өздүк курамы жеке коргонуу кийимдер (500 даана) жана көп жолку колдонуучу беткаптар (1030 даана) менен камсыздалды.

Ош шаарынан Ноокат районуна 100 тонна ун, Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районуна 60 тонна ун жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий