• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы 600 миң сомдук издөө-куткаруу шаймандарына ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 12.10.17./Кабар/. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы жаңы 600 миң сомдук издөө-куткаруу шаймандарына ээ болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 7-июнунун №283 тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлчүлүгүнүн өнүктүрүү фондунан 600 000 сом акча каражаты бөлүнүп, куткаруу шаймандарын алынып, КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына берилди.

КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында издөө-куткаруу шаймандары эскилиги жетип, аны жаңылоо жана материалдык-техникалык базаны чындоо зарылдыгы пайда болгон. Алып берилген шаймандардын тизмеси:

1. 1 даана жел кайыгы;
2. 1 даана мотор жел кайыгын жүргүзүүгө;
3. 1 даана Дрон (учуп видеого тартуу аппараты);
4. 1 даана эхалот;
5. 1 даана кыш мезгилинде кийүүчү суучул костюму;
6. 1 даана дүрбү;
7. 350 метр куткаруу арканы

2017-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров алынган издөө-куткаруу шаймандарын Кырыз Республикасынын ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында өткөрүп берди. Башкармалыктын жетекчилиги КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий